Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт (даректер)
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт (даректер)
26 Бирдин айы 202511:36 Бишкек Govori.TV
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эртең, 27-февралда төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу болбойт:
Кийизбаева — Мамбетов — Курманжан Датка көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
Ахунбев – Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
Саманчин — Малдыбаев — Байтик баатыр — Сүйөркулов — Тыныстанов — Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 14:00гө чейин.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.