Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу токтойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жай мезгилине даярдануу максатында “Батыш-2” суу алуучу жайында жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 15-апрелде саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу токтойт.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.
Темир жол линиясы жана Ала-Арча дарыясы менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт, анын ичинде: