• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу жок болот

15 Чын куран 2024 9:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 16-апрелде айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

  • Алыкулов көч. — БЧК — Ала-Арча-р. Л.Толстой көч;
  • Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – БЧК;
  • “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.

Белгилей кетсек, “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 49