• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

4 Жалган куран 202013:56 Бишкек Govori.TV

«Ак-Бата», «Ак-Жар» суу кампасында жана суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 5-мартта Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин «Ак-Бата», «Ак-Жар» жана «Келечек» конуштарында суу өчүрүлөт. Ошондой эле №43 мектепте жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу өчкөнүнө байланыштуу 5-мартта №43 мектепте дем алыш күнү белгиленет.

Количество просмотров: 91