• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт (даректер)

23 Бештин айы 202515:49 Бишкек Govori.TV

Эртең, 24-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

  • “Айчүрөк” соода борбору,
  • “Берен Голд” соода борбору
  • А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
  • “Кабар”маалымат агенттиги
  • Борбордук шайлоо комиссиясы
  • Т/ж, Шопоков көчөсү, 98а
  • Фонтандын аймагы
  • Италиянын Кыргызстандагы консулдугу

Жер алдындагы өтмөк аркылуу өткөн Д-150 мм болгон жаңы линияга туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 117