Эртең, 9-июлда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, жолдор Курман айт намазына байланыштуу таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин жабык болот.
Убактылуу жабык болчу көчөлөрдүн тизмеси:
Чүй көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жабыла турган көчө кесилиштери:
Касым Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши;
Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.
Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн кесилишине автоунааларды калтырбоону өтүнөт жана жолдорду жабуу жана тазалоо иштери таңкы саат 04:00дөн тартып башталарын эскертет.
Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуу жолунун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол …