• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртеңден тарта Бишкекте 3 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

24 Жалган куран 202517:17 Бишкек Govori.TV

25-марттан тарта Бишкек шаарындагы Жибек Жолу, Жаш гвардия, Медеров көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү реконструкцияга жабылат.

Мэрия билдиргендей, транспорт кыймылы үчүн Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот.

Ошондой эле Жаш гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Мындан тышкары Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

Коомдук транспорттун кыймылында өзгөрүүлөр болбойт.

Количество просмотров: 201