Эртең, 11-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Кыргызстан – Оман беттеши өтөт. Футбол боюнча улуттук курамалардын мелдеши Омандын борбору Маскат шаарындагы «Султан Кабус» атындагы спорт комплексинде орун алат.
Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат.
Буга чейин Бишкекте Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши орун алып, тең чыгуу менен аяктаган.