Эртең, 9-сентябрь — комуз күнүнө карата Бишкек шаарында «Таңшы комуз» аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараТоктогул Сатылгановдун айкелинин алдында өтөт. Ага белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын «Акак» комузчулар ансамбли, Петр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин улан-кыздары катышат.
Белгилей кетсек, 2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь «Комуз күнү» деп жарыяланган.