• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

10 Аяк оона 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

9- сентябрда алгачкы жолу “Комуз күнү” Т. Сатылганов Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди.
Салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты.

Иш- чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып, куттуктоолор айтылды.

Эске салсак, бүгүн бул майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды

Количество просмотров: 57