• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто 150 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертти

10 Аяк оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Ошто Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты. Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.

Вице-мэр жалпы чогулгандарды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан Комуз күнү менен куттуктап, окуунун мыктыларына жана эмгек сиңирген мугалимдерге комуз тартуулады.

Количество просмотров: 199