• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эртең өлкөгө «AstraZeneca» вакцинасы келет

28 Теке 2021 12:19 Бишкек Govori.TV

 Эртең, 29-июлда Кыргызстанга COVAX программасы аркылуу коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы келет. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 226 миң доза вакцина келет. Бул доза 113 миң адамга жетет.

Кошумчалай кетсек, вакцинаны «Манас» аэропортунан тосуп алуу иш-чарасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жана эл аралык уюмдардын, дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Количество просмотров: 309