• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эртең мектептерде реалдуу режимде окуу жанданат

10 Жетинин айы 2020 15:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыкчам аракеттеринин арты менен 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1489 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрдагы маалымат жыйында Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, II чейректе мектептер ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша ачылат. Инфекция боюнча кырдаал оор болгон жерлерде окуучулар билим алуусун онлайн режимде улантат.

«Эпидемиологиялык абал туруктуу делген аймактарда алгач мектепке 1-5-класстын жана 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары барат. Чүй облусунда 1-класстардын окуучуларына гана окууга уруксат берилди. Мектептерди ачып, салттуу режимде окутуу маселесин Санэпидемкөзөмөл кызматынын жергиликтүү башкармалыгы менен штаб чечет»,-деди Үсөналиев.

Марат Үсөналиев Бишкек менен Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондугуна байланыштуу мектепке окуучулар азырынча билимди онлайн режиминде улантарын кошумчалады. Алардын арасында Нарын, Талас облустары дагы бар.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 10-ноябрда аяктап, 11-ноябрда окуу башталат.

Количество просмотров: 3879