• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Эртең шаардын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

7 Бугу 2024 9:52 Бишкек Govori.TV

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «ВПУ» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин пландоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул иштердин алкагында 8-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:

  • Садовая көч- Чүй пр. — Ч. Валиханов көч – темир жол линиясы;
  • 7-апрель көч–Ауэзов көч- Исакеев көч – Ч. Валиханов көч.

Калктуу конуштардагы өчүрүү аймагы: Учкун конушу жана Учкун кичи району.

Количество просмотров: 123