Бишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кесилиши 17-июндан 18-июнга чейин жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда.
Мэрия шаардыктарды жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багытын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.