Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.
16-17-апрелде Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өлкө аймагында 16-17-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.