• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртең “Торугарт-автожол” бекети бир саатка жабылат

11 Теке 202417:56 Бишкек Govori.TV

Эртең, 12-июлда күндүн биринчи жарымында “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Бул убакытта өткөрүү пунктунда техникалык иштер жүргүзүлөт.

«Торугарт» өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Нарын облусундагы кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан.

Количество просмотров: 201