• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эртең Жалал-Абадда массалык ишембилик өтөт

17 Аяк оона 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Эртең, 18-сентябрь–Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында массалык ишембилик өтөт.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билидргендей, анда коомук жана эс алуу жайлар, гүл бакча, жол жээктерин таштандылардан арылтуу иштери жүргүзүлөт.

Ага облус аймагындагы менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишкана жамааттары катышып, бөлүнгөн аймактарында тазалоо жумуштарын аткарышат.

“Барыңыздарды айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо менен массалык ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 170