• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эс алуу күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт

22 Үчтүн айы 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-24-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Башы районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 216