• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Эсеп 11:0. Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты

2 Баш оона 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-августта кырыз балбаны Акжол Махмудов жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн алгачкы жеңишин камсыздады.

Ал 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, Тунис өлкөсүнөн барган спортчу Ламджед Маафи менен күрөшүп, 11:0 эсеби менен атаандашын жеңди. Тунистик балбанга эч кандай мүмкүнчүлүк бербеген Махмудов чейрек финалга чыкты.

Кошумчалай кетсек, Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Количество просмотров: 647