• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эшиги бекилип калган батирден эки бала куткарылды

17 Жетинин айы 202315:26 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында эшиги бекилип калган батирден эки бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Теги:
Количество просмотров: 134