• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Эскертүү! Абанын температурасы кескин төмөндөйт

20 Үчтүн айы 202515:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 22-23-январда абанын температурасы кескин өзгөрөт.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы төмөндөп, айрым райондорго туман түшөт.

23-январда түштөн кийин жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -19…-24°, күндүз -4…-9°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°.

Количество просмотров: 395