• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал катталат

12 Бештин айы 202510:12 Бишкек Govori.TV

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

«Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 116