• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Эскертүү! Бул иш аптасы кыска болот

4 Жетинин айы 202410:59 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5-ноябрда Кыргызстанга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат.

Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ал эми бул күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт.

Өкмөттүн маалымат кызматы Бишкектеги министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштей турганын кабарлаган.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.

Баса, мектептер 4-ноябрдан тарта каникулга чыгышкан.

Количество просмотров: 102