• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү! Фрунзе менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

28 Теке 202516:41 Бишкек Govori.TV

Мэриянын маалыматы боюнча, 30-июлунан 6-августуна чейин Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат.

Бул жолдо жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Иштер Фрунзе көчөсүнүн Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында (узундугу 1600 метр) пландалган жана анын алкагында түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге алмаштырылат.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундары менен конокторунан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана каттамдарды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Количество просмотров: 129