• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Эски шахтада өрт чыгып, жүздөгөн мал өлдү

4 Бирдин айы 202110:39 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февраль күнү саат 12:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтасынан өрт чыккан. Шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланылып келген. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн.

Куткаруучулар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 кой-эчкини шахтанын ичинде көмүп кетишкен.

Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Количество просмотров: 132