Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Быйыл Еверст тоосуна чыгуу сезонунда жалпысынан 11 киши каза болду. Алардын бирөөсү 27-май күнү 62 жаштагы америкалык адвокат Кристофер Жон Кулиш Еверест чокусунан түшүп келе жатып каза тапты.
Адвокаттын өлүмү менен Еверестте быйылкы тоого чыгуу сезонунда каза болгондордун саны 11ге жетти.
Ал эми Непал альпинисттик коомунун башкы секретары «Кыйын аба шарттары, тажрыйба кемчилиги жана барган сайын өскөн соодалык саякаттардан улам өлүм тобокелчилиги көбөйүүдө»,-деп белгилейт.
Белгилей кетсек, Еверест чокусунда 1922-жылдан тартып, 200дөн ашуун альпинист каза таап, алардын көпчүлүгүнүн сөөгү табылбай кардын астында калгандыгы белгилүү болгон.