• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду

2 Бирдин айы 201910:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.01.2019.Govori.TV.

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.

Атап айтканда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары төмөнкү келишимдерге жана чечимдерге кол коюшту:

— ЕАЭБ санариптик күн тартиби алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери жөнүндө;

— Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2018-жылдын 27-июлундагы № 10 тапшырмасынынаткарылышынын жүрүшү жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө мамлекеттер аралык 2018-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосундагы үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;

— Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Ошондой эле Кеме жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду, ага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кол койду.

Количество просмотров: 12