Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышууда. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирген.
Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү.
Андан соң өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына киришти, анын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Биримдиктин алкагында келечектүү интергациялоо боюнча чаралар талкууланып жатат.