• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Евробиримдик Орусияга каршы мунай эмбаргосун киргизүүнү пландоодо

5 Бугу 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Европа биримдиги (ЕБ) Москвага каршы санкциялардын алтынчы топтомунун алкагында Орусиянын мунайын уюмга мүчө мамлекеттерге ташып кирүүгө тыюу салууну пландоодо.

Санкциялардын алкагында Орусиянын эң ири деп эсептелген үч банкын, анын ичинде Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү, ошондой эле ЕБ аймагында Орусиянын үч мамлекеттик телеканалын көрсөтүүгө тыюу салуу сыяктуу чаралар да камтылган.

Мындан тышкары Евробиримдик Украинанын Буча шаарындагы аскердик кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип жаткан орус жарандарынын тизмесин түзүүнү жана кийин аларды жоопкерчиликке тартууну пландап жатат. France-Presse агенттиги ал санкциялык тизмеге Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Кирилл (Гундяев) да кире турганын кабарлоодо.

Эмбарго кабыл алынган күндө да орус мунайына өтө көз каранды болгон Венгрия менен Словакияга 2023-жылга чейин учурдагы келишимдердин негизинде мунай импорттоого уруксат сакталып калышы мүмкүн. Мындан сырткары Чехия менен Болгарияга да жеңилдиктер каралышы ыктымал.

Санкциялар күчүнө кириши үчүн аны ЕБге мүчө өлкөлөрдүн баары жактырышы керек. Мурдараак мунай импортун чектөөгө Венгрия каршылыгын билдирген. Ошол эле маалда Будапешт буга чейин ЕБ сунуштаган бардык чектөөлөрдү колдоп келген.

Количество просмотров: 188