• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Евробиримдикке мүчө 27 өлкөдө туристтик сертификаттар ишке кирүүдө

21 Бугу 202115:09 Бишкек Govori.TV

Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары карантин жана башка чектөөлөр жөнүндө кабатыр болбой, альянстын ичиндеги 27 мамлекетте жайкы каникулдарын өткөрүү жөнүндө ойлоно берсе болот. ЕБ блоктун ичинде COVID-сертификаттарын ишке киргизүүдө.

Европарламенттин депутаттары бул чечимге 20-майда келишти. Келишимге ылайык, ЕБдагы 27 өлкөдө жашаган кишилер санариптик өткөрмө билет алышат, анда анын вакцинация макамы, COVID-19 тесттеринин жыйынтыгы же коронавирус инфекциясынан дарыланганы тууралуу маалымат камтылат.

Буга чейин Европа биримдиги жарандардын жайкы саякатын жеңилдетүү үчүн COVID-сертификаттарын быйыл июнь айына чейин киргизүүгө ниеттенип жатканы кабарланган.

ЕБнын аткаминерлери сертификат милдеттүү эмес экенин, эмдөө парспорту катары эсептелбестигин жана дискриминациялык документ болбой турганын билдиришүүдө. Эмдөө кампаниялары кеңейип, COVID-19 вирусун жуктурган учурлар азайып жатканына байланыштуу жайкы туристтик сезондун алдында чектөө чараларын жумшартууда.

Количество просмотров: 146