• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Европа биримдиги Ооганстандагы талиптердин жеңишин тааныды жана диалогду баштоого даяр

18 Баш оона 202114:38 Бишкек Govori.TV

Европа биримдиги «Талибан» кыймылынын (Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм) Ооганстандагы жеңишин тааныды. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

Анын айтымында, талибдер Ооганстанда жеңишке жеткендиктен, Евробиримдик алар менен сүйлөшүүгө барышы керек болот.

«Миграциялык жана гуманитардык кризисти болтурбоо үчүн биз ким болбосун Кабулдагы бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүүбүз зарыл. «Талибан» согушту жеңди. Бизге алар менен диалогго барышыбыз керек болот», — деди ал.

Ал билдиргендей, алар Европа мамлекеттеринин жарандарын жана батыш өлкөлөрүнө көмөк көрсөткөн ооганстандыктарды чыгарып кетүү жана аларга коопсуз шарттарды түзүү иштерин жүргүзөт.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн.

Количество просмотров: 223