• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Европа комиссиясын биринчи жолу аял жетектейт

2 Бештин айы 2019 8:55 Бишкек Govori.TV

1-декабрдан тарта Германиянын өкүлү Урсула фон дер Ляйен жетектеген Европа комиссиясынын жаңы курамы расмий түрдө ишин баштады. Ал тарыхта Европа биримдигинин аткаруу органын жетектеген алгачкы аял болуп калды.

Еврокомиссия – жалпы европалык мыйзамдарды иштеп чыгып, алардын биримдикке мүчө өлкөлөрдө кандай аткарылып жатканына көз салат. Беш жылдык мөөнөткө шайланган комиссиянын курамы өткөн жумада Европарламент тарабынан жактырылган.

60 жаштагы Урсула фон дер Ляйен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин командасында 14 жыл иштеген. Анын жети баласы бар. Урсула фон дер Ляйен Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары да белгилүү.

Количество просмотров: 62