• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук госпиталда биринчи жолу кохлеардык имплант коюу операциясы жасалды

13 Бештин айы 202418:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук госпиталда биринчи жолу кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, абалы туруктуу. Бул операциялар кулак, мурун жана тамак ооруларын дарылоо үчүн заманбап медициналык жабдууларды сатып алууну уюштурган Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгесинин аркасында мүмкүн болду.

Операцияларды жасоо жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга литвалык отоларинголог жана кохлеардык имплантация тармагындагы эксперт Гедриус Гилис чакырылган.

Ал кыргызстандык хирургдар менен биргелешкен операцияларды жасап, мастер-класс өткөрүп, жергиликтүү адистерге заманбап техникалар жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү.

https://med.kg/pressCenter/news/22750d00-afeb-44ef-a79a-4170ff5cc8ee?locale=kg

https://med.kg/pressCenter/news/22750d00-afeb-44ef-a79a-4170ff5cc8ee?locale=ru
Количество просмотров: 252