• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Быйылкы жылы 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган

11 Бештин айы 202416:30 Бишкек Govori.TV

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бюджеттик негизде органдарды жана ткандарды трансплантациялоону ийгиликтүү ишке ашырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

2024-жыл ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бюджеттик негизде 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 2 операция жасалат. 2025-жылы бюджеттик негизде мындай 50 операцияны жасоо пландалууда.

Мындай операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы жасалды.

Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоону «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ишке ашырат.

Количество просмотров: 131