- Мен бул жактамын. Баары жакшы.
- Менин абалым оор. Тез арада акча керек!
“Үн фишинг” дал ушундай иштейт. Алдамчылар үнүн көчүрүп алып, жабырлануучунун атынан жалган билдирүүлөрдү башкаларга жөнөтүшөт.
Бирок, алар үндү кантип алышат?
Аккаунттарды бузуп, уурдалган телефон же соцтармактагы видеолор менен колдонушат.
Мисалы, Telegram бузулса, алдамчылар үн билдирүүлөргө жете алышат. Андан соң жасалма интеллект ошол үндү үйрөнүп алат.
Анан ошол үн менен жабырлануучунун туугандарына, досторуна “жардам бер!” деген билдирүүлөрдү жөнөтүшөт.
Тааныш үн чыгып жатса — ойлонбой туруп акча жиберип салышың мүмкүн.
Бирок эсиңде болсун: азыр болгону 30 секунд үн менен жасалма үндү жасап чыгарса болот.
“Үн фишинг” — бул заманбап алдамчылыктын бир түрү. Ал банктын чалуусу, туугандардын үн аркылуу билдирүүсү же милициянын кайрылуусу сыяктуу көрүнөт.
Эмне кылуу керек? Өзүңдү коргоонун 5 жолу бар:
Эсиңде болсун: үн — эми далил эмес. Текшер. Суроо бер.
Ойлон — маанилүүсү үн эмес, акыл!