• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Facebook жасалма эсептерди өчүрөт

24 Бугу 201915:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Facebook социалдык медиа платформасы 2019-жылдын алгачкы үч айында орто эсеп менен 2,2 миллиард жасалма эсептерди өчүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Аталган баракчанын жазуу түрүндөгү берген маалыматында соңкү 6 айда жасалма эсептерде олуттуу өсүү болгонун жана мунун себебинен автоматтык түрдөгү чабуулдар кайталанып жатканын белгилеген.

Ал эми, 2018-жылдын биринчи чейрегинде 1,2 миллиард эсеп өчүрүлсө быйылкы сан өткөн жылдагыдан дээрлик эки эсе көп болгонуна шилтеме берилди.

Андан тышкары, Америка басма сөзү аталган сандын Facebookтун бир чейректе эң көп өчүрүү рекорду болгонун жазып чыкты.


Количество просмотров: 15