• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Factcheck.kg сайтына чабуул жасалганы айтылуда

17 Бештин айы 2019 18:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы маалыматтардын чын-төгүнүн жана материалдардын жасалмалуулугун изилдеген factcheck.kg басылмасына хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу аталган сайттын башкы редактору Болот Темиров билдиргенин Reporter.kg жазып чыкты.

“Чабуул кайсы жактан жасалып жатканын билбей жатабыз. 10 мүнөт болуп калды сайтыбыз да, администратордук баракча да ачылбай жатат.  Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Чабуулдун артында кимдер тураганын так так айта албайбыз, бирок Райымбек Матраимовдун жубайынын чыгымдары тууралуу иликтөөбүзгө байланыштуу болушу мүмкүн”, – деди Темиров.

Эске салсак, буга чейин Factcheck.kg  сайты Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын социалдык тармакка жүктөгөн аксессуарларынын баасын иликтеп чыккан болчу.

Количество просмотров: 78