Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.
Социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталары талкуу жараткан.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы түшундүрмө берип, катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазбаганын, аны тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлганын айтышкан.
«Govori.TV» мультимедиялык агенттиги факсимилеге байланыштуу жагдайларды юристтер менен талдап чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама» бекитилген. Ага ылайык, кызматтык документтердин бардык нускаларына жана көчүрмөлөрүнө кол тамга коюлууга тийиш. Айрыкча документтерге кызмат адамдарынын жеке кол тамгалары коюлушу зарыл.
Көчүрмөлөр көп санда болгон учурларда гана жетекчинин кол тамгасынын факсимилесин коюуга жол берилет .

