• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Фактчек: Бекешевди кемсинткен “Садыр Жапаров” аттуу колдонуучу фейк эмес

4 Жалган куран 2021 11:23 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сынга алган видеосу тараган. “Фейсбуктагы” видеонун алдында “Садыр Жапаров” аттуу колдонуучу: “көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник” деген пикир жазган. 

Айрым колдонуучулар “мындай комментарий президенттин деңгээли эмес” деп сынга алса, дагы бири бул фейк аккаунт деп божомолдогон. 

Мындан улам Factcheck.kg “Садыр Жапаров” аттуу колдонуучу тууралуу маалыматты текшерди. 

Биринчи сүрөт 2012-жылдын 25-декабрында жарыяланган. 

Ал эми 26-декабрда профилдин мукаба сүрөтү жүктөлгөн. 

Демек, бул аккаунт  9 жылдан бери иштейт деген бүтүм чыгарабыз. 

2012-жылдан 2017-жылга чейин колдонуучу социалдык тармакта активдүү болгон. Ал саясий жаңылыктар менен бөлүшүп, алар тууралуу өз пикирин билдирип турган. 

Ал эми 2016-жылы Жогорку Кеңеште депутат болуп турган кезде тартылган тасмалар менен ар жума сайын бөлүшөрүн жазган.

 2015-жылы журналист Элнура Кулуева колдонуучуну саясатчылардын арасынан журналисттерге ыкчам жооп берерин баалап, ыраазычылыгын билдирген. 

2017- жылдын 21-мартында мындан ары бул аккаунтту жардамчысы алып барарын кабарлаган.   Эске салсак, Садыр  Жапаров 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн кайтып келген соң, камакка алынган.  

2018- жана 2019-жылы бирден гана пост жарыяланган. 2020-жылдын 28-январында дагы бир маалымат чыгып, сентябрь айына чейин дымып калган. Ал эми үгүт иштери башталган соң, аккаунт активдүүлүгүн күчөткөн.   

Шайлоо өнөктүгүндө колдонуучу Жапаровдун эл менен болгон жолугушууларын түз эфирде берип турган. Ал штабдын кызматкерлеринин жанында турганын байкаса болот. 

Колдонуучу Садыр Жапаров тууралуу жаңылыктар менен активдүү бөлүшүп, өлкөдөгү саясий процесстер тууралуу президенттин расмий билдирүүлөрүн жарыялап турат. 

Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь айында төмөндөгүдөй пост жарыялаган: 

Жыйынтык: Дастан Бекешевди кемсинткен “Садыр Жапаров” аттуу фейсбук колдонуучусу фейк эмес. 

Количество просмотров: 191