• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Фанаттар кыргызстандык футболчуларды күйүп-жанып колдоп жатат (видео)

11 Кулжа 202222:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кыргызстан — Мьянма курама командаларынын беттеши өтүп жатат.

Оюн талаасында кыргызстандыктар артыкчылык кылып, биринчи таймда кыргызстандык чабуулчу Виктор Майер Мьянманын дарбазасына 2 гол сокту.

Ал эми беттешке бир гана стадиондо эмес Бишкектеги эски аянтта да күйөрмандар көз салууда.

Кошумчалай кетсек, 8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1 эсебинде жеңген болчу.

Количество просмотров: 194