Быйыл 9-майда, Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Анда борбор калаадагы Ала-Тоо аянтына илинген майрамдык баннер талкуу жаратты.
Борбордук аянттын чок ортосундагы баннерге фашисттик Германиянын аскери менен азият тектүү, туткунга түшкөн жоокердин сүрөтү илинген. Муну соцтармактын колдонуучулары ар кандай таризде кабыл алууда.
Белгилей кетсек, аталган сүрөт 1941-жылы жай айында тартылган. Ал фашисттик Германияны даңазалоо максатында колдонулганы айтылат.
Буга чейин Бишкек шаарындагы №29 мектептеги немец солдаттарынын каскасы чагылдырылган баннер талкуу жараткан болчу. Мектеп жетекчилиги коомчулуктан кечирим сураган.