• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Фейсбук» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөн ашуун аккаунтту жапты

21 Үчтүн айы 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

«Facebook» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган баяндама таратты.

Жабылган социалдык тармактардагы түйүн 2020-жылдагы парламенттик жана 2021-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт маалында бир катар саясатчыларды колдосо, айрымдарын тынбай сындап турган.

«Фейсбуктун» баяндамасында жергиликтүү медиа мекемеге байланышы бар деп эсептелген «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана «Инстаграмдагы» 41 аккаунт болгон.

Алар өздөрүнө ыңгайлуу кабарларды көбүрөөк таркатыш үчүн «Фейсбукка» чыккан жарнамалык материалдарга 1250 доллар сарпташкан. Бул социалдык тармактардагы топторго жүздөгөн аккаунттар катталган.

Количество просмотров: 46