• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Фергана шаарында Баткен–Фергана–Согди облустарынын жетекчилери жолукту

23 Чын куран 2021 11:11 Бишкек Govori.TV

23-апрелде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын Ферганада жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-23-апрелге белгиленген форум «Чек ара аймактарын интеграциялоо — өнүгүүнүн кепилдиги» деген аталышта өтүп жатат. Ага Кыргызстандан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышып жатат.

Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти.

«Чек ара — картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу, ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум чектеш облустун ишкерлери үчүн зор мүмкүнчүлүк, алдыдагы кызматташуу алакаларды бекемдээрине ишенем», — деди Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду. Үч облустун ишкерлери жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу пландарын талкуулап, айрымдары келишим түзүүгө жетишишти.

Форум бүгүн, 23-апрелде да уланууда. Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери, тармактар боюнча кызматташууну бышыкташат.

Количество просмотров: 124