• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ФЕТО лидери Фетхуллах Гүлен дүйнөдөн өттү

21 Тогуздун айы 202412:28 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Hürriyet мамлекеттик гезити АКШда ФЕТО лидери Фетхуллах Гүлендин дүйнөдөн өткөндүгүн жазып чыкты. Дагы башка маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ф. Гүлен кечээ, 20-октябрда көз жумган.

83 жаштагы лидер АКШнын Пенсильвания штатында жашап келген. Ал ооруп ооруканага түшкөн соң ошол жактан кайтыш болгон. Акыркы жылдары ал кант диабети, бөйрөк оорусу жана эс-тутум жагынан запкы чегип жүргөн.

2016-жылы Түркия бийлиги Фетхуллах Гүленди мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыптаган. Ошол кездеги эки күндүк тирешүүдө 250 адам өлүп, эки миңдей адам жарадар болгон. Ушундан кийин түрк бийлиги Америкадан Гүленди өткөрүп берүүнү талап кылып келген. Түркияда Гүлендин тарапташтарына каршы иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.

Количество просмотров: 140