Депутат Исманали Жороев укук коргоо органдарынан Чыңгыз Ажыбаев тууралуу социалдык тармактарда таратылган маалыматка юридикалык баа берүүнү талап кылды.
Бүгүнкү жыйында депутат Жороев коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
“Маселе коомчулукта активдүү талкууланып жатат. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаттарынын аброюна доо кетирет. Тиешелүү органдар укуктук баа бериши керек деп эсептейм”, — деди ал.