Кызына кол көтөргөн делип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 15-декабрда Ленин райондук милициясы билдирди.
Милицияга Т.Б. аттуу аял кайрылып, мурдагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 16 жаштагы кызын атасына конокко жөнөтүп, кийинчерээк кызынан “атам кур менен сабап салды” деген билдирүү алган. Өспүрүм атасынын үйүнөн кетип калган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында экспертиза дайындалып, ошондой эле жашы жете элек кыз изделип баштаган. Ал табылып, апасына өткөрүлүп берилди.
Ал эми 1989-жылы туулган Т.А. кармалып, Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.