• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Финансы министрлиги: Алмаз Бакетаевдин атын жамынгандар фейк жаңылыктарды чыгарууда

12 Үчтүн айы 2024 13:06 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Финансы министри Алмаз Бакетаевдин аты менен жамынып, сүрөтү аркылуу “белгисиз каржы платформалар” аркылуу таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

«Калк арасында туура эмес маалымат тараткан фактылар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, жарандардан маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий булактарынан тактап алууңуздарды өтүнөбүз»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 76