• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Түркияга жардам. Министрлик атайы эсепке 13 млн сомдон ашык каражат чогулганын кабарлады

13 Бирдин айы 2023 18:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-февраль саат 16-00гө жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн 958 413,70 сом, жана 12 550 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.

Эске салсак, буга чейин министрлик маалымат таратып, 13-февраль саат 10:00гө карата атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 миң 550 рубль чогулганын айткан.

Ошондой эле министрлик, кайрылуу кылып, акыркы, 10-февралда берилген маалыматта жаңылыштык болгонун айтып, кечирим сураган. Буга чейин атайы эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын айткан министрлик, ката каражат тууралуу маалыматтарда валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет беригенинен улам кеткенин билдирген болчу.


Количество просмотров: 211