• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Финансы полициясы: 17 банктан 932 млн. 136 миң доллар сыртка которулган

27 Жетинин айы 2019 10:09 Бишкек Govori.TV

Парламенттин комитетинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таиров шектүү жолдор менен сыртка чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, «Азаттык» радиосунун «өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар» жөнүндө айтылган иликтөөсүнө байланыштуу Жазык кодексинин 215-беренеси («Акчаны адалдоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштеринин алкагында Айеркен Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиаму, ошондой эле «Абдыраз» ишканасынын сыртка которгон акчасынын банктык документтери алынган. Накталай акча Саймаитинин, Вуфулинин жана дагы алты адамдын атынан которулган.

17 банктан үч жарандын акча которушун көтөрүп чыктык. Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө которулган, — деди Бакир Таиров.

Таировдун айтымында, алар акча которууну «кездеме, курулуш материалы, электрондук товар, карызды кайтаруу, жер жана мүлк сатып алууга» деп көрсөтүшкөн.

Буга чейин Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саймаитинин акча которушу боюнча документтер алынып, жыйынтыгында 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд. 602 млн. сомду кошумча түрдө киреше салыгы катары төлөтүү боюнча чечим чыкканы кабарланган.

Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ага «Өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу» деген айып коюлуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сентябрдагы токтому менен камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Жарандар бийликти бул иликтөөгө реакция кылууга чакырып, «паракорлорду камагыла» деп талап кылышууда.

Количество просмотров: 181